Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда  кабыл алынган.

Мыйзамдын  максаты - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жарандардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына  шайкеш келтирүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 10-август