Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын камсыздандыруу төгүмдөрү, айыптык санкциялар жана туумдар боюнча карыздарын эсептен чыгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык-экономикалык абалын жакшыртууга, турукташтырууга жана колдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүгө багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 10-август