Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун курамы өзгөрдү

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге 2015-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарындагы Свердлов  райондук сотунун судьяларынын кызматына дайындоо үчүн 15 талапкер  жана Бишкек шаарындагы Октябрь, Ленин райондук сотторунун судьяларынын кызматына дайындоо үчүн эки талапкер  боюнча сунуш киргизген.

Мамлекет башчысы 2015-жылдын 4-августунда бул талапкерлер менен  аңгемелешүү өткөрдү. Мамлекеттик органдардан алынган түрдүү маалыматтар менен колдо болгон материалдарды талдоонун натыйжасында жана алардын ар бири менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алып, Президент сунуш кылынган 6 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди, 11 талапкер боюнча бул кеңештин сунуштарына макул болду.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 8-августунда  6  Жарлыкка кол койду.

Биринчи Жарлык менен конкурс аркылуу тандалган 10 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык белгиленген мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун  төмөндөгү  судьялары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьялык кызматына дайындалышты: Байчаев Туратбек Дунганович, Джаркеева Эльвира Сагыналиевна, Ибраимова Жылдыз Белековна, Касымбеков Алмаз Салмоорбекович, Саадабаева Гульзат Аскербековна, Сабырова Жыпара Жумадиловна, Тургунбекова Гаухар Рафиковна, Турдукожоев Доолотбек Тентимишович, Чотонов Санжар Бейшенкулович, Шин Галина Алексеевна.

Экинчи Жарлык менен дайындалган 10 судья  Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун судьяларынын  ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жөнөтүлдү.

Президенттин Жарлыктары менен ошондой эле Адамкулов Чынгыз Толокович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялыгына дайындалып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялык милдетин аткарууга жөнөтүлдү.

Мындан тышкары Мамлекет башчысынын Жарлыктары менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун азыркы курамы толугу менен (10 адам) жана Свердлов райондук сотунун судьясы болуп дайындалгандыгына байланыштуу Токмок шаардык сотунун бир судьясы судьялык кызматынан бошотулду.

Жарлыктарга ылайык судьяларды дайындоо, жөнөтүү жана бошотуу 2015-жылдын 12-августунан тартып  ишке ашырылат.

Конкурстук тандоонун жыйынтыгында Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунун жаңы курамына штат боюнча мурда иштеген 15 судьянын  экөө өттү,  жаңы 8 судья келди, анын алтоосу - мурда сот системасында иштеген эмес.

2015-жыл 10-август