Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына  кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – фракциялар курамындагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын иш тартибин так регламентациялоо, ошондой эле депутаттардын мыйзам чегинде фракциядан тышкары эркин депутат катары же депутаттык группалардын курамында жүрүүнү  четтетүү.

Бул Мыйзам “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамдын депутаттын түзүлүүчү фракциянын курамына кирбей эркин депутат болуп калууга, ошондой эле фракциядан тышкары депутаттык группаларга биригүүгө укуктары бар деген жоболор Конституцияга каршы келээри жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 24-сентябрындагы №48-Р Чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 31-июль