Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – мамлекеттик тилдеги Граждандык кодекстин 1149-статьясынын 1-пунктунун расмий тилдеги тексти менен түрдүүчө окулушун жоюу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 30-июль