Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун” техникалык регламентине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Курулуш материалдарынын, буюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугунун” техникалык регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасын (ТЭИ ТН) Евразия бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын (ЕАЭБ ТЭИ ТН) коддоруна шайкеш келтирүү.

Мыйзам расмий жарыяланган  күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 28-июль