Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Королдугунун Өкмөттөрүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салуудан качуу жана салык салуудан четтөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салуудан качуу жана салык салуудан четтөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө сауд тарапка кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 22-июль