Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен ОАЭ ортосундагы келишим ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз  Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамоталарды алмашуу милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 22-июль