Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Евразия экономикалык комиссиясына депонирлөө милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын  кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып, бирок 2016-жылдын 1-январынан эрте эмес күчүнө кирет.

 
2015-жыл 21-июль