Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам  ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эмгектик укуктарын, ошондой эле  медициналык-санитардык жардам алуу, инфраструктура объектилери, темир жол жана аба транспорт, автовокзалдар, автостанциялар, авиакассалар менен пайдалануу укуктарын бузгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчилик белгилөө максатында кабыл алынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 21-июль