Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен ЕРӨБнүн ортосундагы, ошондой эле Кыргызстан менен Швейцария Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуулар ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 15-майында Варшава шаарында кол коюлган “Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны реабилитациялоо жөнүндө” насыялык макулдашууну; “Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда 2014-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Глобалдык Экологиялык Фонддун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фонду (SCCF) каржылоочу Инвестициялык грант тууралуу гранттык макулдашууну; “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 7-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган “Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча катчылыгы (SECO) тарабынан берилүүчү “Бишкек шаарындагы суу менен жабдууну жана канализацияны жакшыртуу (II фаза)” долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 6-июль