Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосундагы Эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 12-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 10-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине депозитарийге көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 6-июль