Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Ош шаарында коомдук транспортту жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттук макулдашуу жана Кредиттик макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Ош шаарында коомдук транспортту жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасыын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 6-июль