Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам менен жол консультациялык кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби жана көлөмдөрү, жол консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн бааларын аныктоонун усулу, туруктуу техникалык көзөмөлдөө жүргүзүү жана буюртмачынын, көтөрмөчүнүн жана кеңешчи-инженердин өз ара мамилелери жөнүндө жобо Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери менен макулдашуу талабы жоюлат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 3-июль