Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевди I даражадагы “Манас” ордени менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Н.А.Назарбаевди I даражадагы “Манас” ордени менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту жана ынак коңшулукту бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн Казакстан Республикасынын Президенти Назарбаев Нурсултан Абишевич I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.

2015-жыл 2-июль