Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Австриядагы Элчиси Эрмек Ибраимов, Вена шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Чехиядагы, Словакиядагы, Польшадагы жана Венгриядагы Элчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 2015-жылдын 24-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Австриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибраимов Эрмек Султанович Австриянын Вена шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Чехия Республикасындагы, Словакия Республикасындагы, Польша Республикасындагы жана Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

2015-жыл 24-июнь