Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Кувейттеги Элчиси Жусупбек Шарипов, Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Мароккодогу жана Иорданиядагы Элчиси болуп дайындалды

Бүгүн, 2015-жылдын 24-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кувейттеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шарипов Жусупбек Шарипович Кувейттин Эль-Кувейт шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Марокко Королдугундагы жана Иордания Хашимит Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

2015-жыл 24-июнь