Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Айдарбек Алымкулов Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык токтом кылынат:

 Алымкулов Айдарбек Бекишович 2015-жылдын  17-июнунан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.

 Мамлекет башчысынын дагы бир Жарлыгы менен Алымкулов Айдарбек Бекишович Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна 2015-жылдын 17-июнунан баштап судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди.

 

 
2015-жыл 18-июнь