Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына жана “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацына ылайык төмөндөгүдөй токтом кылынат:
Ахметова Айнура Касымбековна 2015-жылдын 17-июнунан баштап биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.
Мамлекет башчысынын дагы бир Жарлыгы менен Ахметова Айнура Касымбековна Чүй облусунун райондор аралык сотуна 2015-жылдын 17-июнунан баштап судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди.