Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьяларынын курамы алмашты

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьяларынын кызматына дайындоо үчүн 16 талапкер боюнча сунуш киргизген.

2015-жылдын 9-10-июнунда Мамлекет башчысы бул талапкерлер менен  аңгемелешүү өткөрдү. Мамлекеттик органдардан алынган  түрдүү маалыматтар менен колдо болгон материалдарды талдоонун жыйынтыгында жана алардын ар бири менен аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алып, Мамлекет башчысы сунуш кылынган 4 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди жана 12 талапкер боюнча бул кеңештин сунуштарына макул болду.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 12-июнунда 4  Жарлыкка кол койду.

Биринчи Жарлык менен конкурс менен тандалган 12 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына  дайындалышты: Барыктабасова  Эльмира Бектургановна, Доспаева Кунтуган Ахмеджановна, Жумабаева Жылдыз Кабыловна, Жумадылов Сыргак Каныбекович, Ибраева Чынара Назарбековна, Кадыркулова Таалайкул Калыкбековна, Касымбеков Кубанычбек Калыбекович, Осмонов Феликс Ой-Талбекович, Рыспекова Аниса Рыспековна,  Сагынбаев Бакыт Тынышович, Сейдакматова Аида Асанбековна жана Сыдыгалиев Бактыбек Арленович.

Экинчи Жарлык менен дайындалган жогорудагы 12 судья Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьяларынын  ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жөнөтүлдү.

Үчүнчү Жарлык менен Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьяларынын азыркы курамы толугу менен (9 адам) судьялык кызматынан бошотулду: Аденова Гульзамира Аникеевна, Алиев Авчи Мустафаевич, Байсеитов Таалайбек Карыбаевич, Жээналиев Марат Субанбекович, Кадыркулова Таалайкул Калыкбековна, Конурбаев Сейтек Орозбекович, Рыспекова Аниса Рыспековна, Сариев Аманбек Орозунбекович.

Төртүнчү Жарлык менен конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьяларынын  кызмат ордуларына дайындалгандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун эки судьясы кызматынан бошотулду: Касымбеков Кубанычбек Калыбекович жана Сагынбаев Бакыт Тынышович.

Жарлыктарга ылайык судьяларды дайындоо, жөнөтүү жана бошотуу 2015-жылдын 16-июнунан тартып  ишке ашырылат.

Конкурстук тандоонун жыйынтыгында Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьялар корпусу жаңыланды. Жаңы курамдын катарына  штат боюнча мурда иштеген 16 судьянын  3өө  өттү, жаңы 9 судья келди, анын 5өө мурда сот системасында иштеген эмес.

Мындан тышкары,  2015-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын судьялык кызматына жаңы талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрдү.

 Аңгемелешүү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык кызматына талапкер адвокат К.Кыргызбаев, Бишкек шаардык Райондор аралык сотунун судьясынын кызматына талапкер А.Б.Алымкулов, Чүй облусунун  Райондор аралык сотунун судьясынын кызматына талапкер А.К.Ахметова, Ош облусунун Райондор аралык сотунун судьясынын кызматына талапкерлер А.А. Абдугапаров жана  С.К. Аманов менен аңгемелешүү өткөрүлдү.

Мамлекет башчысы  аталган талапкерлер тууралуу материалдар менен терең таанышып, аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен жакын арада бул талапкерлер боюнча биротоло чечим кабыл алат.

2015-жыл 12-июнь