Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 6-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты – 1997-жылдын 2-июлундагы №41 “Кыргыз Республикасындагы тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин Евразиялык экономикалык бирликтин келишим-укуктук базасына, тактап  айтканда, 2014-жылдын 2-июлундагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимдин IX бөлүгүнүн “Тышкы соода саясаты” жана Үчүнчү мамлекеттерге карата тарифтик эмес чараларды жөнгө салуу жөнүндө протоколдун талаптарына шайкеш келтирүү (ЕАЭБ жөнүндө келишимдин №7 тиркемеси).

Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 12-июнь