Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан жана Корея ортосундагы бир катар келишимдер жактырылды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйруктарга ылайык төмөнкү долбоорлор жактырылды:

- Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы жазык иштери боюнча өз ара укуктук  жардам көрсөтүү жөнүндө келишим;

- Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өткөрүп берүү жөнүндө келишим;

- Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим.

Буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жогоруда аталган келишимдерге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилди.

2015-жыл 12-июнь