Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 28-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – нота (кат) алышуу жолу менен эл аралык келишимдерди түзүүдө юридикалык мүнөздөгү тоскоолдуктарды жоюу.

Бул максаттарды ишке ашырууда “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына нота же кат алышуу жолу менен түзүлгөн келишимдерди ратификациялоого жана бекитүүгө мүмкүнчүлүк берген толуктоолор киргизилет.

Ошондой эле, кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерге кошулуу  жөнүндө грамоталарын депонирлөө жол-жобосун иреттөө сунушталат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 12-июнь