Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз “Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына).

 Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

 Мыйзамдын негизги максаты:

-ишкердиктин катышуучулары жөнүндө, тактап айтканда алардын  бюжетке салыктарды төлөгөндүгү тууралуу маалыматтардын ачыктыгы;

-кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыктарын жана төлөп берүүчү суммаларды, ошондой эле ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланышпаган жеке жак менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммаларын жана ордун толтуруу каражаттарын салыктан бошотуу.

 Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

2015-жыл 11-июнь