Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 6-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты “Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 2-пунктунда каралган, капиталдык салымдардын көлөмүн тактоо.

Мыйзам менен 2014-жылдагы капиталдык салымдардын көлөмү 4 483 479,0 миң сомдон 4 506 979,0 миң сомго же 23,5 млн.сомго көбөйтүлдү.

Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 11-июнь