Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду

Бүгүн, 2015-жылдын 10-июнунда,  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол  койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине 1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу грамотаны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлөө милдети тагылды.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 11-июнь