Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жалал-Абад жана Ош областтарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 6-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - өнүгүүсү белгилүү бир деңгээлге жеткен, калк  тыгыз жашаган  жерлерди  туруктуу өнүктүрүү  жана аларды сактоо үчүн шарт түзүү, ички миграциянын өсүшүн азайтуу, ошондой эле мамлекеттин административдик-аймактык түзүлүшүн тартипке келтирүү.

Ушул максатта, кабыл алынган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын төмөнкү калктуу конуштары айыл категориясына киргизилди:

- Кажар калктуу конушу Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов айыл аймагына;

-Таш-Жар и Жаңгак калктуу конушу Жалал-Абад областынын Аксы районунун Мавлянов айыл аймагына;

-Кара-Тарык калктуу конушу Ош областынын Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагына.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 10-июнь