Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев “1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Мамлекет башчысынын Жарлыгында мындай деп белгиленет:

Кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшү жана андан кийин болгон Үркүн Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлөөгө тийиш. Бирок бул окуялардын болгонуна дээрлик жүз жыл өткөнүнө карабастан, коомубуз алардын себептерин жана кесепеттерин тарыхый жактан объективдүү баалоого муктаж болууда.

XX кылымдын башында дүйнөнү бөлүштүрүү үчүн ири империялардын күрөшү кыргыздардын жана Түркестандагы башка элдердин да абалына терс таасирин тийгизди. Россия империясынын колониалдык катаал саясаты падыша чиновниктеринин жана жергиликтүү төбөлдөрдүн элге кылган кыянаттыгынын айынан ого бетер күчөгөн. Түркестан крайынын көчүрүү башкармалыгы жүргүзгөн жер саясатынын маңызы колониялаштыруу үчүн жерлерди бошотууга багытталып, ал 1916-жылдагы окуялардын түпкү социалдык-экономикалык себеби болуп калды.

Биринчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен падышалык саясатка болгон нааразычылык улуттук-боштондук кыймылын күчөттү. Түркестандагы жергиликтүү калкты аскердик-ооруктук жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө падышанын жарлыгы жапырт каршылык көрсөтүүгө тикелей түрткү болду. 1916-жылдын 4-июлунда Кожент шаарында тажиктер, кыргыздар, өзбектер жана Фергана өрөөнүндөгү башка элдер алгачкы толкундоолорду баштаган. Андан көп өтпөй ар кандай калктуу конуштардагы кагылышуулар бүткүл Түркестанды кучагына алган. Анын кесепетинен жергиликтүү калк жана орус келгиндери жабыр тартышкан.

Кыргызстандагы массалык толкундоолор көтөрүлүшкө айланган, бирок ал орус элине эмес, падышачылыктын колониалдык саясатына каршы болгон. Кыргыздардын көтөрүлүшүн башка этностор да колдогон. Ысык-Көлдө орус дыйкандарынын падыша аскерлерине каршы ок аткан учурлары белгиленген.

Түркестандын бүткүл аймагы боюнча падышалык жазалоочу отряддар бул көтөрүлүштү мыкаачылык менен баскан. Алар Жети-Суу облусунда өзгөчө мыкаачылык кылышты. Ошол кезде азыркы Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жашаган кыргыздардын көпчүлүк бөлүгү жанын сактап Кытайга качууга аргасыз болушту. Качкындарды куугунга алышкан. Бул куугундан, анын ичинде ачкачылыктан жана суукка тоңуп жүз миңдеген адамдар каза болгон. Бул каргашалуу окуялардын кесепетинен, тарыхчыларыбыздын пикири боюнча, ушул аймактагы жергиликтүү калктын саны 40 %га азайган. Ашууларда каза болгондордун сөөктөрү азырга чейин жерге берилбей калууда.

Бул каргаша Россиянын прогрессивдүү күчтөрүнүн жигердүү кийлигишүүсү менен токтотулду. Түркестандагы кырдаал Россия империясынын Мамлекеттик думасында каралган. Александр Керенский жетектеген депутаттык комиссия келген. Комиссиянын ишинин натыйжасы боюнча региондогу колониалдык саясат катуу сынга алынган. Мамлекеттик думада 1916-жылдын 15-декабрында А.Керенский билдирген жазалоо отряддарынын кылган иштери жөнүндө маалымат депутаттардын кескин нааразычылыгын пайда кылган. Парламентарийлер бул окуяларды кылмыш катары баалап, ал үчүн император Николай II баш болгон күнөөлүүлөр жазага тартылууга тийиш дешкен. Падышалык Россиянын саясий элитасынын көпчүлүк бөлүгү А.Керенскийдин комиссиясынын корутундуларын колдоого алган.

1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революциялары кыргыздардын абалын түп-тамырынан бери өзгөрттү. Советтик бийлик орногондон кийин жанын сактап калган качкындарга Кытайдан Кыргызстанга кайтып келүүсүнө шарттар түзүлдү.

Падышалык бийликтен айырмаланып, советтик бийлик кыргыздардын жана Түркестандагы башка элдердин улуттук өнүгүүсүнө кеңири жол ачты. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшү менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусуна негиз салынды. Кыргыз жергесинде жаңы турмуш башталды. Борбордон жиберилген адистер индустриализацияны ишке ашырууга жана маданий революцияны жүргүзүүгө зор салым кошту. Эгерде советтик бийлик орногонго чейин жергиликтүү калктын сабаттуулары болжол менен 1 %ды түзсө, 20 жылдан кийин алардын саны 70 %га чейин көбөйдү. Кыргызстанда профессионалдык искусство пайда болду, кыргыз тили жана маданияты өнүгүүнүн жаңы жогорку деңгээлине көтөрүлдү.

Кыргызстандын эли улуттук саясаттын түп-тамырынан бери өзгөргөндүгүн жакшы кабыл алгандыгын Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке кыргызстандыктардын кошкон салымы айгинелеп турат. Фронтко болжол менен 365 миң адам барган. Согушка өз ыктыяры менен кеткендер көп болгон. Кыргызстандын эли бул согушту өзүнүн башына түшкөн кайгы катары кабыл алды. Согуштун алгачкы айларында эле Кыргызстанга 140 миң адам эвакуацияланды, ал эми согуш жылдарында республикабызга 300 миңден ашык адам жер которуп келген.

1991-жылы мамлекеттик көз карандысыздык алгандан бери Кыргыз Республикасы өзүнүн эгемендигин ырааттуу түрдө бекемдеп жатат. Кыргызстан чет өлкөлөр менен, анын ичинде Россия Федерациясы менен өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алып, өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүдө. Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирикмесине кошулуусу региондогу интеграциялык процесстердин ийгиликтүү өтүп жатканына далил болот.

Ушуну менен катар эле узак убакыт бою 1916-жыл трагедиясын унуткаруу боюнча ката саясат жүргүзүлүп келген. Акыркы эки он жылдыктагы жарандык коомдун ушул жааттагы айрым демилгелери иш жүзүндө мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечим түрүндө колдоо тапкан эмес. Анын натыйжасында 1916-жылдагы окуяларга тарыхый жактан объективдүү баа берүү, ашууларда каза болгон качкындардын сөөктөрүн жерге берүү, ошол жылы набыт болгондордун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу маселелери чечилбей калган.

Кыргыз Республикасында мамлекетти жана элдин биримдигин бекемдөө ишин илгерилетүү, өлкө тарыхындагы жазыла элек барактарды толтуруу, жарандыкка жана патриоттуулукка тарбиялоо максатында токтом кылынат:

1.Үркүндүн жүрүшүндө набыт болгондордун жаркын элесин түбөлүккө сактоо жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн өлкөнүн тарыхындагы жана кыргыз мамлекетинин курулушундагы татыктуу ордун аныктоо Кыргызстан элинин ыйык милдети деп эсептелсин.

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 1916-жылдагы окуялардын 100 жылдыгына арналган иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планында төмөнкүлөрдү кароо сунушталсын:

– 1916-жылдагы каргашада адамдар массалык түрдө каза болгон жерлердеги адамдардын сөөктөрүн жерге берүү үчүн зарыл болгон жол-жоболорду аткаруу;

– Бишкек шаарында эстеликти, ошондой эле адамдардын сөөктөрү коюлган жерлерде обелисктерди орнотуу менен 1916-жылдагы  окуяларда набыт болгондордун жаркын элесин түбөлүккө сактоо;

– 1916-жылдагы окуяларга тарыхый жактан объективдүү баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссиянын базасында курамына тарыхчы окумуштуулар жана башка гуманитардык илимдердин өкүлдөрү кирген жумушчу топту (мындан ары – Жумушчу топ) түзүү, ошондой эле ушул маселе боюнча илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү;

– Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө, жарандыкка жана патриоттуулукка тарбиялоо идеяларын жайылтуу боюнча жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын демилгелерин колдоо;

– ушул Жарлыктын жоболорун аткаруу менен байланышкан иш-чараларды жүзгө ашыруу үчүн финансы каражаттарын бөлүп берүү.

3. 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүндүн 100 жылдыгына арналган социалдык демилгелерди колдоо үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондусунан бөлүнсүн:

– 3 000 000 (үч миллион) сом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө – ашууларда каза болгондордун сөөктөрүн жерге берүү боюнча биринчи кезектеги иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана мамлекеттик башка органдар менен бирдикте аткаруу үчүн;

– 5 000 000 (беш миллион) сом Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине – 1916-жылдагы окуяларда набыт болгондордун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу тууралуу демилгелерди колдоо боюнча биринчи кезектеги иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн;

– 2 000 000 (эки миллион) сом – Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” Фондуна – 1916-жылдагы окуялар боюнча архивдик жана башка илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, Жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча илимий-практикалык конференцияларды өткөрүү, ошондой эле анын корутундуларын жана тыянактарын жайылтуу боюнча демилгелерди колдоо үчүн.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

2015-жыл 27-май