Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Болот Отунбаев Кыргызстандын Германиядагы, Швециядагы, Сан-Маринодогу, Даниядагы жана Норвегиядагы Элчиси кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2015-жылдын 26-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Отунбаев Болот Исакович Кыргыз Республикасынын  Германия Федеративдүү Республикасындагы, эки ишти айкалыштыруу боюнча Швеция Королдугундагы, Сан-Марино Республикасындагы жана Ыйык Тактыдагы, Дания Королдугундагы, Норвегия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду.

2015-жыл 26-май