Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 23-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам Өкмөттүн мүчөсү кызматтан бошонуусуна же отставкага кетүүсүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин ыйгарым укугун жөнгө салган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам ченемдерин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарына шайкеш келтирүүгө багытталган.

Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  29, 51, 61 жана 124-статьялары Өкмөттөгү бош орунга Премьер-министр сунуштаган талапкер Жогорку Кеңеш тарабынан жактыруу талабынын жол-жоболору камтылган ченемдер  менен толукталат.

Ошону менен бирге, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-статьясынын 5-бөлүгүнө  альтернативдүү мыйзам долбоорлору бар болгон мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берген өзгөртүү киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 25-май