Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты - мектепке чейинки билим берүү уюмдар жана кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан кызмат көрсөтүү тармагындагы ишкердикти колдоо үчүн шарттарды түзүү.

Мыйзам менен жеке менчик бала бакчаларды жана кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелерди пайда салыгынан, КНСтен жана сатык салыгынан бошотуу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 22-май