Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо II фаза” долбоору боюнча Макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев   “2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо II фаза” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам  Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Ушул Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы  министрлиги Азия өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасы  тарабынан  көрсөтүлгөн  Макулдашуунун  күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн  тартып  10 күн  өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

2015-жыл 21-май