Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Найман Раимкановго 100 жылдык мааракесине байланыштуу материалдык жардам көрсөтүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Найман Раимкановго 100 жаш кутман куракка чыккандыгына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 100 000 (жүз миң) сом бөлүндү.

Акча Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Найман Раимкановго бүгүн тапшырылды.

2015-жыл 8-май