Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Бүгүн, 2015-жылдын 2-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Мамлекет башчысынын Жарлыктарына ылайык:

Сариев Темир Аргембаевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалды;

Сарпашев Тайырбек Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;

Маматалиев Абдырахман Мадакимович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Диль Валерий Исидорович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Ниязалиева Дамира Абаскановна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

Момуналиев Нурханбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси - министри.

Абдылдаев Эрлан Бекешович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;

Кудайбердиев Абибилла Алымович - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Турганбаев Мелис Токтомамбетович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Панкратов Олег Михайлович - Кыргыз Республикасынын экономика министри:

Айдаралиев Таалайбек Алимбекович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;

Малабаев Аргынбек Жумабекович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Турдубаев Кубанычбек Апышевич - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;

Сариева Эльвира Кубанычбековна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

Батыралиев Талантбек Абдуллаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

Максутов Алтынбек Аскарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү министри;

Азыранкулов Айбек Жаныбекович - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри;

Табалдиев Бусурманкул Беркутович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.

2015-жыл 2-май