Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жооперчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты коомдук тартипти камсыз кылууда чараларды күчөтүү болуп саналат. Аталган максатты ишке ашыруу үчүн Кодекс жаңы 373¹-статьясы менен толукталып, анда администрациялык камоодо болуу ордунан өзү билип кетип калуу же администрациялык камоодо болуудан баш тартуу үчүн жоопкерчилик каралган.

Андан тышкары Кодекстин 630-статьясында такталган негиздер болсо, администрациялык камоо жөнүндө токтомду аткаруу судья тарабынан үч суткалык мөөнөткө чейин токтотула турушу же биротоло токтолушу мүмкүн.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 29-апрель