Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасынын жана Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктары токтотулду

2015-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 27-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча төмөнкүдөй токтом кылынат:

Курагынын чегине жеткендигине байланыштуу төмөнкүлөрдүн ыйгарым укуктары токтотулсун:

- 2015-жылдын 23-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы Оморова Максуда Мадиевнанын; 

- 2015-жылдын 26-апрелинен баштап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы жана Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун төрагасы Астаркулов Шаршенбек Касаболотовичтин.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2015-жыл 24-апрель