Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын Жамбыл облусунун Мойынкум районунда катталган автокырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 2015-жылынын 21-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2015-жылдын 19-апрелинде Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Мойынкум районунда Алматы -Екатеринбург автожолунун 487-чакырымында катталган автокырсыктын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом бөлүндү.

2015-жыл 21-апрель