Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 5-мартында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - ишкердик иш аракеттер чөйрөсүндөгү укук ченемдик актыларды инвентаризациялоонун алкагында «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен мыйзамдарына ылайык келтирүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

2015-жыл 21-апрель