Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 19-мартында кабыл алынган

Мыйзам кредитордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону кеңейтүүгө, администраторлордун ишмердүүлүгүндөгү жоопкерчиликти жана натыйжалуулугун жогорулатууга, тартипти бекемдетүүгө, чыгымдарды азайтууга жана банкроттук жол-жоболордун ачыктыгын камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле айыл чарба өндүрүшүндө иш алып баргандардын ушул ишмердүүлүктүн  өзгөчөлүгүн  эске алуу менен тараптардын банкроттугу боюнча жаңы укуктук ченемдер киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 21-апрель