Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Калыкбек Султанов Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду

Бүгүн, 2015-жылдын 21-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Султанов Калыкбек Иманалиевичтин отставкасы кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызматынан бошотулсун.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

2015-жыл 21-апрель