Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча региондук борборунун мурдагы башчысы Мирослав Енча «Даңк» медалы менен сыйланды

Бүгүн, 2015-жылдын 13-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө боюнча кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча региондук борборунун мурдагы башчысы Мирослав Енча «Даңк» медалы менен сыйланды.

2015-жыл 13-апрель