Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө Макулдашуу ратификацияланды

Бүгүн, 2015-жылдын 10-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2015-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Эки тараптуу техникалык-экономикалык жардамдын долбоорлорун ишке ашыруудагы кызматташуунун алкактары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 1-апрелинде кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирүүгө милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 10-апрель