Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы Марс Исмановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

2015-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 3-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясынын кызмат ордунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашырып келген Исманов Марс Молдоевич каза болгондугуна байланыштуу анын ыйгарым укуктары 2015-жылдын 18-февралынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

2015-жыл 8-апрель