Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 19-февралында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджетин кирешелер боюнча 40 093 449,4 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 39 984 594,2 миң сом суммасында, профицити 108 855,2 миң сом суммасында бекитет.

Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 8-апрель