Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам менен «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-майындагы № 69 Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылат.

2015-жыл 7-апрель