Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2014-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө Макулдашууну (Атайын операциялар) («Транспорттук коридор - бир БАРЭК» (Бишкек-Торугарт жолу) үчүнчү долбоору - Кошумча каржылоо) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 12-мартында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарлоого милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.