Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясы Королдугунун ортосундагы Кызматташтык жөнүндө башкы макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабиясы Королдугунун ортосундагы Кызматташтык жөнүндө башкы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 18-мартында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги сауд тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Башкы макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы тууралуу кабарлоого милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 6-апрель