Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун төрагасы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

2015-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон Жарлыктын негизинде, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренсинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

Медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден-соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүүгө жөндөмсүздүгүнөн улам Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Бекишов Дуулатбек Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

2015-жыл 4-апрель