Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 19-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - 2014-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджетин жана 2015-2016-жылдарга божомолуна түзөтүү киргизүү.

Киргизилген түзөтүүлөрдө 2014-жылдын жыйынтыктары боюнча Социалдык фонддун профицити эске алынып, тиешелүү көрсөткүчтөр корректировкаланат. Алсак, Мыйзам менен каралган бюджеттин ченемдүү өлчөмүндөгү дефицити 14605,7 миң сом бюджеттин профицити 614008,1 миң сомго алмаштырылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 26-март