Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 11-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - пенсиянын өлчөмү менен камсыздандыруу төлөмүнүн ортосундагы тыгыз байланышты түзүүдө пенсиялык камсыздандыруу принциптерине жетишүү. Пенсиялык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүнүн  тарифтерин жана кабыл алган милдеттердин өлчөмүн актуалдуу шайкештикке келтирүү.

Мыйзам менен дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү, жеке ишкерлер үчүн алардын келечектеги пенсиялардын өлчөмдөрүн көбөйтүү максатында мамлекеттик социалдык камсыздандырууда камсыздандыруу тарифтерин этаптуу көбөйтүү каралат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2015-жыл 26-март